2026-03-26 күнү жарыя болгон токтомдор

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Кара-Суу району
Баш-Булак айыл аймагынын
Айылдык Кеңеши мекемеси

7723303, Баш-Булак айылы, Н.Анарбаев. көч.№33 эл.дарек:katta-taldyk@mail.ru

Баш-Булак айыл аймагындагы “Жаш канат” мектепке чейинки билим берүү уюмундагы балдардын тамак-ашы үчүн төлөмүн бекитүү жөнүндө.

Кыргызская Республика
Ошская область
Кара-Суйский район
Учреждение Айыльный Кеңеш
Баш-Булакского айылного аймака

723303, с.Баш-Булак, ул.Н.Анарбаева У.№33 эл адрес:katta-taldyk@mail.ru



Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XII сессиясынын

ТОКТОМУ

Баш – Булак айылы


№12/1


23-январь 2026-жыл

Баш-Булак айыл аймагындагы “Жаш канат” мектепке чейинки билим берүү уюмундагы балдардын тамак-ашы үчүн төлөмүн бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө мыйзамынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 жобосуна ылайык жана ата-энелердин чогулушунун протоколунун негизинде карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши

токтом кылат:

1.“Жаш канат”  мектепке чейинки билим берүү уюмундагы балдардын тамак-ашы үчүн  төлөмү 1500(бир миң беш жүз) сомго  бекитилсин.  

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы Н.Бекмуратовго милдеттендирилсин.                                                                      

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

            

Төрага:
А.Бакиров

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Кара-Суу району
Баш-Булак айыл аймагынын
Айылдык Кеңеши мекемеси

7723303, Баш-Булак айылы, Н.Анарбаев. көч.№33 эл.дарек:katta-taldyk@mail.ru

Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө.

Кыргызская Республика
Ошская область
Кара-Суйский район
Учреждение Айыльный Кеңеш
Баш-Булакского айылного аймака

723303, с.Баш-Булак, ул.Н.Анарбаева У.№33 эл адрес:katta-taldyk@mail.ru



Баш-Булак айылдык кеңешинин кезектеги XII сессиясынын

ТОКТОМУ

Баш – Булак айылы


№12/2


23-январь 2026-жыл

Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө.
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2026– жылга бюджетин кабыл алуу боюнча айыл өкмөтүнүн финансы – экономикалык бөлүмүнүн башчысы – К.Кайназарованын докладын угуп жана аны талкуулап чыгып, сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп, Баш-Булак айылдык кенеши

токтом кылат:

1. Баш-Булак  айыл өкмөтүнүн    2026– жылга бюджетинин кирешелер  жана чыгашалар бөлүгү  30325,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн  2026 – жылга  штаты жалпы 12  штаттык бирдик менен, келишимдик негизде 6 кызматкер, 9 айыл башчы, кенже тейлөөчү кызматкерлер 4 штаттык бирдик менен бекитилсин.

3. Баш-Булак  айыл өкмөтүнүн   2026-жылга атайын каражат боюнча 12032,0  мин сом  өлчөмүндө  киреше жана чыгаша бөлүгү бекитилсин.

4. Айыл  өкмөтүнүн    бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн  аткарылышын көзөмөлдөп, аны статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталуусун камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн    башчысына  жуктөлсүн жана 2026 – жылга карата Баш-Булак айыл өкмөтүнүн   бюджетинин кирешелер жана чыгашалар  бөлүктөрүнүн статьялар боюнча өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго   уруксат   берилсин.

5. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн   2026-жылга резервдик фонду 300,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

6. 2026-жылдын 1-январына негизги каражаттан калган калдык 4865,0 мин сом, ал эми атайын каражаттан 495,4 мин сом  өлчөмүндө бюджеттин чыгашалар бөлүгүнө бекитилсин.

7. 2026 – жылга карата Баш-Булак  айыл  өкмөтүнүн    бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүн  мыйзам чегинде сарпталуусун көзөмөлдөө жагы  айылдык кенешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

         

 

Төрага:
А.Бакиров

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Кара-Суу району
Баш-Булак айыл аймагынын
Айылдык Кеңеши мекемеси

7723303, Баш-Булак айылы, Н.Анарбаев. көч.№33 эл.дарек:katta-taldyk@mail.ru

Баш-Булак айыл аймагынын “Баш-Булак” МИнын 2026-жылга иш планы жана жайыт пайдалануучуларга жайыттын тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Кара-Суйский район
Учреждение Айыльный Кеңеш
Баш-Булакского айылного аймака

723303, с.Баш-Булак, ул.Н.Анарбаева У.№33 эл адрес:katta-taldyk@mail.ru



Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XII сессиясынын

ТОКТОМУ

Баш – Булак айылы


№12/3


23-январь 2026-жыл

Баш-Булак айыл аймагынын “Баш-Булак” МИнын 2026-жылга иш планы жана жайыт пайдалануучуларга жайыттын тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы №150 Мыйзамынын 23-беренесинин 9-пунктуна жана 24-беренесинин 11-пунктуна ылайык, Баш-Булак айыл аймагындагы ири мүйүздүү малдардын ар бир түрүнө жана жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жайыт акынын төлөмүн бекитүү жөнүндө “Баш-Булак” МИнын жетекчисинин билдирүүсүн жана айылдык кеңештин жалпы депутаттык туруктуу комиссиялардын отурумунун чечиминин негизинде Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

1. “Баш-Булак” МИнын  сунушунун жана айылдык кеңештин жалпы депутаттык туруктуу комиссиялардын  отурумунун чечиминин негизинде малдан алынуучу жайыт акы жана жайыт жерлерди пайдалануу үчүн  жайыт акынын төлөмү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

Айыл аймагынын тургундарынын                    Четтен келген мал, кой, жылкылар үчүн             мал, кой, жылкылары үчүн

  1. Бир баш малга - 250 сом                                     Бир баш малга - 500 сом
  2. Бир баш кой-эчкиге - 50 сом                              Бир баш кой-эчкиге - 100 сом
  3. Бир баш жылкыга - 300 сом                               Бир баш жылкыга – 500 сом

2. Жайыттарга мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланууга     

төмөндөгүдөй  баа белгиленсин.

  1. Маданий   ден  соолукту  чыңдоочу  туристтик  иш  чаралар  үчүн   1га  жер үчүн              30000 сом;
  2. Табигый  тоют  даярдоо  үчүн  1га  жер  үчүн 1600 сом;

3. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан муниципалдык ишканага өткөрүлүп берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага:
А.Бакиров

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Кара-Суу району
Баш-Булак айыл аймагынын
Айылдык Кеңеши мекемеси

7723303, Баш-Булак айылы, Н.Анарбаев. көч.№33 эл.дарек:katta-taldyk@mail.ru

Баш-Булак айыл аймагынын Баш-Булак айылынын Кара-Жылга участкасындагы 315а-контурундагы 4,99 га, 345-контурундагы 0,01 га, жалпы 5 га жайыт эсебиндеги жер тилкесине кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алууга жеке ишкерге макулдук берүү жөнүндө.

Кыргызская Республика
Ошская область
Кара-Суйский район
Учреждение Айыльный Кеңеш
Баш-Булакского айылного аймака

723303, с.Баш-Булак, ул.Н.Анарбаева У.№33 эл адрес:katta-taldyk@mail.ru



Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XII сессиясынын

ТОКТОМУ

Баш – Булак айылы


№12/4


23-январь 2026-жыл

Баш-Булак айыл аймагынын Баш-Булак айылынын Кара-Жылга участкасындагы 315а-контурундагы 4,99 га, 345-контурундагы 0,01 га, жалпы 5 га жайыт эсебиндеги жер тилкесине кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алууга жеке ишкерге макулдук берүү жөнүндө.
Баш-Булак айыл аймагынын Баш-Булак айылынын Кара-Жылга участкасындагы 315а-контурундагы 4,99 га, 345-контурундагы 0,01 га, жалпы 5 га жайыт эсебиндеги жер тилкесине кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алууга жеке ишкерге макулдук берүү боюнча Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

1.  Баш-Булак айыл аймагынын Баш-Булак  айылынын Кара-Жылга участкасындагы  315а-контурундагы 4,99 га, 345-контурундагы 0,01 га, жалпы 5 га  жайыт эсебиндеги жер тилкесине кум-шагыл аралашмасынын жана чопо топурактарын казып алууга жеке ишкерге макулдук  берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча депутаттык туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага:
А.Бакиров

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Кара-Суу району
Баш-Булак айыл аймагынын
Айылдык Кеңеши мекемеси

7723303, Баш-Булак айылы, Н.Анарбаев. көч.№33 эл.дарек:katta-taldyk@mail.ru

Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө.

Кыргызская Республика
Ошская область
Кара-Суйский район
Учреждение Айыльный Кеңеш
Баш-Булакского айылного аймака

723303, с.Баш-Булак, ул.Н.Анарбаева У.№33 эл адрес:katta-taldyk@mail.ru



Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XII сессиясынын

ТОКТОМУ

Баш – Булак айылы


№12/5


23-январь 2026-жыл

Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө.
Баш-Булак айылынын 2026-жылдын 12-январындагы элдик жыйынынын чогулушунун №1 протоколун, “Кут Ордо” МЧББУнун жетекчиси Асанова Заринанын арызын карап чыгып жана «Ош долбоор курулуш» ЖЧК тарабынан иштелип чыккан Баш-Булак айыл өкмөтүнүн «Баш-Булак» айылынын башкы планын өзгөртүү үчүн Баш-Булак айылдык кеӊешинин сессиясы угуп жана талкуулап.

токтом кылат:

1. Баш-Булак айылынын   башкы планындагы көрсөтүлгөн “Кут Ордо” МЧББУнун  белгиленген жер тилкесине 0,50 га кошумча имарат куруу үчүн  башкы планы өзгөртүлүп берилсин

2. Баш-Булак айылындагы   жер тилкесин «Ош Долбоор» курулуш ЖЧК тарабынан иштелип чыккан башкы планы бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн турак жай жана комуналдык менчиктер боюнча башкы адисине тапшырылсын.                                                                                  

                                                                                     

 

Төрага:
А.Бакиров

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Кара-Суу району
Баш-Булак айыл аймагынын
Айылдык Кеңеши мекемеси

7723303, Баш-Булак айылы, Н.Анарбаев. көч.№33 эл.дарек:katta-taldyk@mail.ru

Баш-Булак айыл аймагында сыйлоо тартиби жөнүндөгү ички жобону бекитүү тууралуу

Кыргызская Республика
Ошская область
Кара-Суйский район
Учреждение Айыльный Кеңеш
Баш-Булакского айылного аймака

723303, с.Баш-Булак, ул.Н.Анарбаева У.№33 эл адрес:katta-taldyk@mail.ru



Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясынын

ТОКТОМУ

Баш – Булак айылы


№13/1


26-февраль 2026-жыл

Баш-Булак айыл аймагында сыйлоо тартиби жөнүндөгү ички жобону бекитүү тууралуу
Баш-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык, маданий жана билим берүү тармагына өзгөчө салым кошкон жарандарды, мекеме-уюмдардын кызматкерлерин, жергиликтүү кеңештин депутаттарын, айыл өкмөтүнүн аппаратын жана айыл башчыларын моралдык жана материалдык жактан стимулдаштыруу, ошондой эле сыйлоо иштеринин ачык-айкындуулугун жана калыстыгын камсыз кылуу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына таянып, Баш-Булак айылдык кеңеши

токтом кылат:

1. Баш-Булак айыл аймагында сыйлоо тартиби жөнүндөгү ички Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына:

  1. Сыйлоо иштерин аталган Жобонун негизинде жүргүзүү жагы тапшырылсын;
  2. Талапкерлерди кароо үчүн тийиштүү адистерден жана депутаттардан турган «Сыйлоо комиссиясынын» курамын тескеме менен бекитсин;
  3. Жыл сайын жергиликтүү бюджетти бекитүүдө «Сыйлоо жана маданий иш-чаралар» беренеси боюнча тийиштүү каражаттарды карасын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага:
А.Бакиров

«КАРАЛДЫ»

Баш-Булак айыл аймагынын

айылдык кеңеши

Протокол №______

«___» _______ 2026-жыл

«БЕКИТЕМИН»

Баш-Булак айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы

_____________ А.Дж.Бакиров

«___» _______ 2026-жыл

 

БАШ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНДА  СЫЙЛОО ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ИЧКИ ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1.1. Бул Жобо Баш-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык, маданий жана илим берүү тармагына өзгөчө салым кошкон жарандарды, мекеме-уюмдардын кызматкерлерин жана активисттерди, айыл өкмөтүнүн аппаратын жана депутаттарды моралдык жактан стимулдаштыруу максатында иштелип чыккан.

1.2. Сыйлоо – бул жөн гана салттуу иш-чара эмес, айыл аймагынын өнүгүүсүнө реалдуу натыйжа алып келген эмгекти баалоо куралы.

2. Сыйлоонун критерийлери жана номинациялары

Сыйлыкка көрсөтүү үчүн талапкер төмөнкү багыттардын бири боюнча ийгилик жаратышы керек:

2.1. Инвестиция жана инфратүзүм:

  • Айыл аймакка сырттан гранттарды же инвестицияларды тартууга катышуусу.
  • Жеке каражаты же демилгеси менен жол, суу, мектеп, бала бакча ж.б. объекттерди курууга же оңдоого салым кошуу.

2.2. Билим берүү, интеллектуалдык жетишкендиктер, спорт жана маданият:

  • ЖРТ (ОРТ) жыйынтыгы: Жалпы республикалык тестирлөөдө айыл аймагы боюнча эң жогорку балл алган окуучу (алтын тамга ээлери) жана аны даярдаган мугалим.
  • Предметтик олимпиадалар: Райондук, облустук же республикалык олимпиадаларда 1, 2, 3-орундарды ээлеген окуучулар жана алардын мугалимдери.
  • Спорттук жетишкендиктер:
    • Расмий райондук, облустук, республикалык жана эл аралык мелдештерде (чемпионаттарда) байгелүү орундарды (1, 2, 3-орун) ээлеген спортчулар.
    • Бул спортчуларды таптаган машыктыруучулар (тренерлер).
    • Айыл аймагында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө салым кошкон инструкторлор.

 

  • Маданият жана өнөр:
    • Мамлекеттик же эл аралык деңгээлдеги фестивалдарда, кароо-сынактарда (мисалы, "Мээрим", "Жаш таланттар" ж.б.) алдыңкы орундарды алган чыгармачыл инсандар жана окуучулар.
    • Айылдык китепканалардын, маданият үйлөрүнүн ишин жанданткан жана ийримдерди үзгүлтүксүз жүргүзгөн кызматкерлер.
    • Улуттук баалуулуктарды, каада-салттарды жайылтууда активдүүлүк көрсөткөн маданият ишкерлери.

2.3. Айыл өкмөтүнүн аппараты жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн:

  • Иш кагаздарынын сапаты: Мамлекеттик тилде иш жүргүзүү, архивдик жана расмий документтерди үлгүлүү тартипке келтирүү.
  • Санариптештирүү: Санариптик системаларды (мисалы, "Санарип аймак", "Инфодокс") ийгиликтүү киргизүү жана үзгүлтүксүз иштетүү.
  • Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы: Эсептөө палатасы, Прокуратура же башка текшерүүчү органдар тарабынан эч кандай кемчилик табылбаган натыйжалуу ишмердүүлүк.
  • Бюджетти толтуруу: Салыктарды жана жыйымдарды чогултуу боюнча планды ашыгы менен аткаруу.

2.4. Айыл башчылары үчүн сыйлоо критерийлери:

  • Мобилизациялоо жана коомдук иштер: Айыл ичиндеги ишембиликтерди, маданий жана спорттук иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу, элди ортосунда ынтымакты бекемдөө.
  • Салык жана төлөмдөр: Өзүнө караштуу айылда жер салыгын, мүлк салыгын жана таштанды, сугат суу сыяктуу төлөмдөрдү чогултуу боюнча планды өз убагында жана сапаттуу аткаруу.
  • Эл менен байланыш (Коммуникация): Айыл өкмөтүнүн чечимдерин, жаңылыктарын элге ыкчам жеткирүү жана айыл тургундарынын көйгөйлөрүн (арыз-даттанууларын) бийликке так, аргументтүү жеткирүү.
  • Чарбалык иштер: Айылдагы ички жолдордун, жайыттардын, каналдардын жана көрүстөндөрдүн абалын көзөмөлдөө, аларды иретке келтирүү боюнча демилге көтөрүү.
  • Инвентаризация жана каттоо: Өз айылындагы мал-жандыктарды, айыл чарба өсүмдүктөрүн жана калкты каттоодогу (статистика) тактыгы.

2.5. Жергиликтүү кеңештин депутаттары үчүн:

  • Нормативдик-укуктук ишмердүүлүк: Айыл аймактын турмушун жакшыртууга багытталган маанилүү токтомдордун долбоорлорун демилгелеп, иштеп чыгуусу жана алардын турмушка ашуусун көзөмөлдөөсү.
  • Инвестиция жана долбоорлор: Өзү шайланган округга же жалпы айыл аймагына сырттан демөөрчүлөрдү, гранттарды жана инвестициялык долбоорлорду тартуудагы активдүүлүгү.
  • Шайлоочулар менен байланыш: Өз округундагы жарандардын көйгөйлүү маселелерин (суу, жол, жарык ж.б.) чечүүдө көрсөткөн демилгеси жана аткаруу бийлиги (айыл өкмөтү) менен натыйжалуу кызматташуусу.
  • Коомдук контролдук: Жергиликтүү бюджеттин максаттуу жумшалышын жана айыл аймактагы курулуш-ремонт иштеринин сапатын көзөмөлдөөдөгү принципиалдуу позициясы.
  • Милдеттен сырткары салым: Өзүнүн жеке каражаты, техникасы же эмгеги менен социалдык маанидеги иш-чараларды (ишембиликтер, спорттук мелдештер, кайрымдуулук) уюштуруусу.

2.6. "Мыкты" номинациялары (Жыл жыйынтыгы боюнча):

  • Мыкты мекеме: (Мектеп, бала бакча, ФАП ж.б.) – иш кагаздары, имараттын абалы жана көрсөткөн кызматынын сапаты боюнча.
  • Мыкты айыл / Мыкты көчө: Тазалык, жашылдандыруу жана коомдук иштерге активдүү катышуусу боюнча.
  • Мыкты кызматкер: (Мугалим, тарбиячы, дарыгер, китепканачы ж.б.) – өз ишиндеги инновациялык ыкмалары жана жетишкендиктери үчүн.

3. «Баш-Булак айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамын берүүнүн тартиби

3.1. Статусу: «Баш-Булак айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамы айыл аймагынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон, кадыр-баркы бийик, жүрүм-туруму үлгүлүү жарандарга берилүүчү эң жогорку моралдык сыйлык болуп саналат.

3.2. Наамды берүүнүн негизги критерийлери:

  • Айыл аймагында кеминде 15-20 жыл натыйжалуу эмгектенгендиги (же өзгөчө баатырдык, эрдик көрсөткөндүгү);
  • Инфраструктурага (мектеп, жол, суу ж.б.) ири көлөмдөгү жеке инвестиция же демөөрчүлүк жардам көрсөткөндүгү;
  • Илим, билим, маданият жана спорт тармагында эл аралык же республикалык деңгээлдеги жетишкендиктери менен айылдын атын чыгаргандыгы;
  • Коомдук тартипти сактоодо, жаштарды тарбиялоодо жана айыл ичиндеги ынтымакты бекемдөөдөгү өзгөчө ролу.

3.3. Чектөөлөр:

  • «Ардактуу атуул» наамы жылына 3 адамга гана берилет.
  • Соттолгондугу бар же коомдо терс пикир жараткан (этикалык нормаларды бузган) адамдарга берилбейт.
  • Наамды берүүдө талапкердин өмүр баяны жана жасаган иштери Сыйлоо комиссиясы тарабынан кылдат иликтенип, тиешелүү айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын көпчүлүк добушу менен бекитилет.

3.4. Наамды кайтарып алуу: Эгерде «Ардактуу атуул» наамын алган жаран кийинчерээк кылмыш жасаса же анын бул наамга татыксыз жоруктары аныкталса, Айылдык кеңештин чечими менен наамдан ажыратылышы мүмкүн.

4. Сунуштоо тартиби, документтештирүү жана мөөнөттөр

4.1. Сунуштоо укугуна ээ тараптар: Сыйлыкка талапкерлерди төмөнкү субъекттер демилгелей алышат:

  • Мекеме-уюмдар: Айыл аймактагы мектептер, бала бакчалар, ФАПтар жана башка мекемелер (өз кызматкерлери үчүн).
  • Айыл өкмөтүнүн башчысы: Өзүнүн аппаратынын кызматкерлерин, айыл башчыларын же аймактын өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкон жарандарды жана демөөрчүлөрдү сыйлоо боюнча.
  • Айылдык кеңештин төрагасы: Депутаттарды же коомдук иштерде активдүүлүк көрсөткөн инсандарды сыйлоо боюнча.
  • Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары: Өз багыттары боюнча (бюджет, этика, социалдык маселелер ж.б.) тармактык ийгилик жараткан талапкерлерди сунуштоо боюнча.

5.2. Документтерди кабыл алуу мөөнөттөрү:

  • Сыйлоо боюнча сунуштар жана документтердин толук топтому пландалган иш-чарага (майрамдык датага) чейин кеминде 10 (он) жумушчу күн калганда Сыйлоо комиссиясынын катчысына тапшырылышы керек.
  • Белгиленген мөөнөттөн кечиктирилген же толук эмес тапшырылган документтер каралбайт.

5.3. Негиздөөчү документтер:

  • Мекемелер үчүн: Талапкердин маселеси жалпы чогулушта каралып, Педагогикалык кеңештин же Эмгек жамаатынын протоколунан көчүрмө.
  • Депутаттар үчүн: Тиешелүү туруктуу комиссиянын чечими же Айылдык кеңештин төрагасынын расмий сунуштамасы.
  • Айыл өкмөтү үчүн: Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин же айыл башчыларынын негизделген билдирүүсү (рапорт) жана айыл өкмөт башчысынын сунуштамасы.

5.4. Документтердин топтому: Комиссияга төмөнкү документтер кагаз түрүндө тапшырылат:

  1. Сунуштоо каты (Талапкердин аты-жөнү, кызматы жана сыйлыктын түрү көрсөтүлөт).
  2. Мүнөздөмө-баяндама (Объективка): Талапкердин акыркы 1 жыл ичиндеги конкреттүү жетишкендиктери (инвестиция көлөмү, окуучулардын ийгилиги, санариптештирүү ж.б.) тууралуу фактылар.
  3. Тастыктоочу документтер: Дипломдордун, сертификаттардын көчүрмөлөрү же жасалган иштин сапатын далилдеген башка материалдар.

6. Сыйлоонун чектөөлөрү жана принциптери

6.1. Иерархия принциби: Мамлекеттик деңгээлдеги жогорку сыйлык (мисалы, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин же Райондук администрациянын Ардак грамотасын) алган жарандар, ошол эле эмгеги үчүн айыл өкмөтүнүн же жергиликтүү кеңештин грамотасына сунуштоого жол берилбейт (себеби бул алардын статусун төмөндөтөт).

6.2. Мөөнөт принциби: Бир эле адамга бир эле даражадагы грамота 3 (үч) жылда бир жолудан ашык берилбейт.

6.3. Милдет жана Сыйлык: Өзүнүн түздөн-түз кызматтык милдетин (мисалы, депутаттын сессияга келиши же мугалимдин сабак өтүшү) аткаргандыгы үчүн гана сыйлык берилбейт. Сыйлык – белгиленген нормадан ашыкча жасалган өзгөчө эмгек үчүн берилет.

7. Чечим кабыл алуу

7.1. Бардык түшкөн сунуштарды (мекемелерден, депутаттардан же айыл өкмөтүнөн) атайын түзүлгөн Сыйлоо комиссиясы карап чыгат.

7.2. Комиссиянын курамына айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана коомдук активисттер кирет.

7.3. Сыйлоо аземи адатта маанилүү даталарга (Мугалимдер күнү, Нооруз, Эгемендүүлүк күнү же Жыл жыйынтыгы, ж.б.) карата уюштурулат.

Сыйлыктын түрлөрү:

  1. «Баш-Булак айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамы.
  2. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы.
  3. Баш-Булак айылдык кеңешинин Ардак грамотасы.
  4. Ыраазычылык кат (Стимулдаштыруучу жеңил форма катары).
  5. Акчалай же баалуу белектер (Бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша).

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Кара-Суу району
Баш-Булак айыл аймагынын
Айылдык Кеңеши мекемеси

7723303, Баш-Булак айылы, Н.Анарбаев. көч.№33 эл.дарек:katta-taldyk@mail.ru

Баш-Булак айыл аймагынын Ачы айылындагы каналдын үстү жагындагы бир чакырым көчөгө «Турдугулов Борон» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Кара-Суйский район
Учреждение Айыльный Кеңеш
Баш-Булакского айылного аймака

723303, с.Баш-Булак, ул.Н.Анарбаева У.№33 эл адрес:katta-taldyk@mail.ru



Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясынын

ТОКТОМУ

Баш – Булак айылы


№13/2


26-февраль 2026-жыл

Баш-Булак айыл аймагынын Ачы айылындагы каналдын үстү жагындагы бир чакырым көчөгө «Турдугулов Борон» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана ошол көчөнүн жашоочуларынын протоколунун негизинде, Ачы айылынын тургуну Турдугулов Борондун небереси Боронов Алмаздын арызын карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши

токтом кылат:

1. Баш-Булак   айыл аймагынын Ачы айылындагы каналдын үстү жагындагы бир чакырым  көчөгө «Турдугулов Борон»   атындагы көчө деп ысым  берилсин.

2.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага:
А.Бакиров

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Кара-Суу району
Баш-Булак айыл аймагынын
Айылдык Кеңеши мекемеси

7723303, Баш-Булак айылы, Н.Анарбаев. көч.№33 эл.дарек:katta-taldyk@mail.ru

Баш-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын этикасы жана дресс-коду жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Кара-Суйский район
Учреждение Айыльный Кеңеш
Баш-Булакского айылного аймака

723303, с.Баш-Булак, ул.Н.Анарбаева У.№33 эл адрес:katta-taldyk@mail.ru



Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясынын

ТОКТОМУ

Баш – Булак айылы


№13/3


26-февраль 2026-жыл

Баш-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын этикасы жана дресс-коду жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Баш-Булак айылдык кеңешинин кадыр-баркын жогорулатуу, депутаттардын жоопкерчилигин бекемдөө жана сессиялардын расмий статусун сактоо максатында, Баш-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 19.1, 19.2, 19.3, 19.4 жана 19.5-пункттарына таянып, Баш-Булак айылдык кеңеши

токтом кылат:

1.Баш-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын этикасы жана дресс-коду (кийинүү маданияты) жөнүндөгү Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Баш-Булак айылдык кеңешинин төрагасына:

  1. Сессияларды жана жыйындарды өткөрүүдө депутаттардын сырткы көрүнүшүнүн (дресс-код) ишкердик стилде болушун жана регламенттин 19.5-пунктундагы сүйлөө маданиятынын сакталышын катуу көзөмөлгө алсын;
  2. Регламенттин жана Жобонун талаптарын бузган депутаттарга карата протоколго киргизүү менен расмий эскертүү берүү тартибин киргизсин.

3. Регламенттин 19.4-пунктуна ылайык, депутаттык этиканы жана дресс-кодду системалуу түрдө бузган депутаттардын маселесин кароо жана тийиштүү корутунду чыгаруу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика, мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ар бир депутатка ушул бекитилген Жобонун көчүрмөсүн кол койдуруу менен таратсын жана түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага:
А.Бакиров

«КАРАЛДЫ»

Баш-Булак айыл аймагынын

айылдык кеңеши

Протокол №______

«___» _______ 2026-жыл

                      «БЕКИТЕМИН»

                              Баш-Булак айыл аймагынын

                            айылдык кеңешинин төрагасы

                            _______________ А.Дж.Бакиров

                         «___» ______________ 2026-жыл

 

 

БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ЭТИКАСЫ ЖАНА ДРЕСС-КОДУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО

I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1.1.Бул Жобо Баш-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 19-бөлүмүнө ылайык, депутаттардын жүрүм-турумуна, тышкы көрүнүшүнө жана этикалык нормаларына коюлган талаптарды аныктайт.

1.2. Жобонун негизги максаты – депутаттык корпустун кадыр-баркын көтөрүү жана жергиликтүү бийликке болгон элдин ишенимин бекемдөө.

1.3.Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын  жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүктүн жана жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.

1.4.Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кемчиликсиз кесиптик жана жарандык беделине ээ болуу керек.

 

1.4.1.Жергиликтүү кеңештердин депутаттары (мындан ары - депутаттар) тийиштүү айыл аймактын (мындан ары – аймак), шаардын калкынын өкүлдөрү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө аймактын, шаардын калкынын кызыкчылыктары, анын социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнүгүү максаттарын жетекчиликке алууга тийиш.

1.4.2.Депутаттар өз макамын аймактын, шаардын жана анын жашоочуларынын кызыкчылыктарына туура келтирбеген аракеттерге жумшабоосу керек.

1.4.3.Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү жамааттардын Уставына, жергиликтүү кеңештин регламентине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.

1.4.4. Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуусу керек.

1.4.5.Депутаттар депутаттын жана аймактын, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.

              1.4.6.Депутаттар бирдей эле убакта өзүнүн кадырын сактоо менен башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадыр-баркын сыйлашы керек.

              1.4.7.Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тийешеси жок максаттарга пайдалана албайт.

II. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ ТИЙИШТҮҮ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ

 

2.1.   Депутаттар жергиликтүү кеңештин ишине өзүнүн позициясын коркутуу-үркүтүү, кескин талаптарды коюу жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабай иштиктүү жана жөндүү катышууга тийиш. 

2.2.  Ар бир депутат жергиликтүү кеңеште иштиктүү кызматташтык жана өз-ара колдоо, ак ниеттүү жана жолдоштук чөйрөнү түзгөнгө жардам кылат.

2.3.  Депутаттар өзүнүн жумушун каралып жаткан маселелер боюнча теңчилик негизинде жана эркин жамааттык талкуулоо принцибинде чечим кабыл алуу, ар түрдүү пикирлерди сыйлоо менен, чыр-чатакка жеткирбей, пикир келишпестиктерди талкуулоо жолу менен чечүүнү  издөөсү  керек.

2.4. Депутаттар бири-бирине жана жыйындар өтүүчү залдагы бардык катышуучуларга расмий түрдө кайрыла алат. Ыгы жок теңтушсунуп жана тоготпогондук кайрылууларга жол берилбейт. Сессиянын жана комиссиялардын отуруму өтүп жаткан учурларда депутаттар иштиктүү стилде (дресс код) кийинүүсү керек.

2.5.   Депутаттар чыгып сүйлөөр алдында өзүнүн айта турган сөздөрүн даярдап анан сүйлөшү керек. Талкууланып жаткан маселе боюнча так жана багыттуу, жеткиликтүү тил менен, ар кандай мааниси жок сөздөрдү колдонбой сүйлөшү керек. Депутаттарга жергиликтүү кеңештин жана комиссиялардын иши учурунда уюлдук телефондорду пайдаланбоо сунуш кылынат.

2.6. Депутаттар, калктын кызыкчылыктарын коргоодо башка депутаттардын ынанымына, салттарына, этникалык жана социалдык топтордун, диний конфессиялардын маданий өзгөчөлүктөрүнө сый жана чыдамдуулук менен мамиле кылуусу керек. Этностор аралык жана конфессия аралык биримдиктин сакталуусуна жана тынчтыкка салым кошот.

2.7. Депутаттар жергиликтүү кеңештин комиссияларынын бардык отурумдарына катышууга тийиш. Депутат жергиликтүү кеңештин отурумдарына жүйөөсүз катары менен 3 жолу катышпаса депутаттык милдетин аткарбагандыгы тууралуу маселе депутаттык этика боюнча комиссияда каралат.

Жүйөлүү себептер менен жыйындарга катышууга мүмкүнчүлүгү болбосо, депутат жыйынга чейин 2 күндөн кечиктирбей жергиликтүү кеңештин төрагасына маалымдап коюусу керек.

Жүйөлүү себептерге - депутаттын ооруп калуусу, командировкада жана эмгек өргүүсүндө болуусу, үй-бүлөлүк жагдайлар кирет.

2.8. Жергиликтүү кеңештин сессиясында каралып жаткан маселеде катышып жаткан депутаттын финансылык же кандайдыр бир жеке кызыкчылыктары болсо, токтоосуз түрдө бул жөнүндө маалымдап, бул маселе боюнча добуш берүүдөн баш тартыш керек.

2.9. Депутаттар өздөрү кабыл алган жергиликтүү кеңештин Регламентине, анын талаптарын жана тартипти сактоого чакырган сессияда төрагалык кылган депутаттын талаптарына баш ийиши керек. Жүйөөлүү себепсиз сессияга, комиссиялардын ишине, депутаттык угууларга жана башка жергиликтүү кеңештин иш-чараларына катышпай коюуга болбойт.

2.9.1.  Жергиликтүү кеңештин депутаттарына – отурумду үзгүлтүккө учуратып же жөнү жок себептер менен башка шылтоо айтып нааразылык көрсөтүү иретинде отурум өтүп жаткан залдан чыгып кетүүгө, сөз берилбесе деле сүйлөөгө, күн тартибине коюлган маселеден сырткары же мааниси жок сүйлөгөнгө, кыйкырууга жана сүйлөп жаткан адамдын сөзүн бөлүп жарууга болбойт.

2.9.2  Депутат жергиликтүү кеңештин отурумунда, депутаттык угууларда, туруктуу комиссиянын жана жумушчу топтордун ишине катышып жатканда отурумга төрагалык кылуучуга, башка депутаттарга, аткаруу органынын аппаратынын кызматкерлерине жана жергиликтүү кеңештин отурумуна катышып жаткан башка адамдарга сылык мамиле кылуу менен адептүүлүгүн көрсөтүп, сый-урмат менен мамиле кылуусу керек.

2.9.3. Депутат өзүнүн сөзүндө орой сөздөрдү колдонуп жана одоно мамилелерди жасабашы керек.

2.9.4. Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткаруу учурунда жана аткарбай жүргөн убагында үчүнчү тараптан   белектерди, акча түрүндө акы төлөөлөрдү албашы керек жана алардын кызматынан пайдаланууга болбойт.

2.9.5. Депутаттар жергиликтүү кеңеште сыйакы алып кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын сүрмөлөөгө укуксуз.

III. ДЕПУТАТТАРДЫН ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ

 

3.1. Депутаттар өздөрүнүн округундагы шайлоочулар менен тыгыз байланышта болуусу керек, депутаттар шайлоочуларынын алдында жоопкер жана отчет берип турат. Депутаттар аймагындагы, шаардагы бардык жашоочулардын кызыкчылыгын көздөйт.

3.2. Депутаттар менен шайлоочулардын ортосундагы мамиле урмат сый, сылык мамиле жана жарандардын кайрылууларына жана арызданууларына ыкыластуулук менен жасалган мамиледен куралат.

3.3. Депутаттар өздөрүнүн шайлоочуларынын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын  коргоого чараларды көрөт: шайлоочулардан түшкөн кайрылууларды жана арыздарды кароодо өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чечүүгө милдеттүү.

3.4. Депутаттар шайлоочуларынын алдында жылына 1 жолудан кем эмес отчет берет, өзүнүн жергиликтүү кеңештин сессиясынын отурумундагы ишмердүүлүгү боюнча шайлоочулары менен болгон жолугушууларында жана массалык маалымат каражаттары аркылуу билдирип турат. Шайлоочуларга берилген маалыматтар толук, анык жана обьективдүү болушу керек.

3.5. Депутаттар ай сайын белгиленген график боюнча шайлоочуларды жеке кабыл алууну жүргүзөт.

3.6. Депутаттар дайыма чыдамкайлуулукту жана сыпайы сылыктыкты көрсөтүүсү керек, айрыкча депутаттын ой пикири менен шайлоочунун ой пикири дал келбей калган учурда.

IV. ДЕПУТАТТЫН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ, ЮРИДИКАЛЫК ЖАНА ФИЗИКАЛЫК ТАРАПТАР МЕНЕН ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН                  ЭРЕЖЕЛЕРИ

 

  1. Депутаттар атайын ыйгарым укуктарына ээ болбогон учурда жергиликтүү кеңештин атынан чыгууга,   мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка уюмдардын алдында расмий билдирүүлөрдү жасоого укугу жок.
  2. Депутаттар депутаттын макамына байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, юридикалык жана физикалык тараптар менен болгон мамилелеринде өз кызыкчылыгына пайдаланбашы керек.
  3. Депутаттар жергиликтүү кеңештин расмий бланкаларын депутаттын ыйгарым укуктарынын чегинде талаптарды чечүү керектигинде расмий каттарды жана документтерди жөнөтүүдө гана пайдаланууга милдеттүү.
  4. Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткарууга байланышпаган учурда жергиликтүү кеңештин имаратын, телефондорун, автотранспортун жана башка материалдык-техникалык каражаттарын пайдаланууга болбойт.
  5. Депутаттардын ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда белгилүү болуп калган  маалыматтарды жайылтууга болбойт, эгерде ал маалыматтар:

- мамлекеттик, коммерциялык же кызматтык сыр болсо;

- жарандардын жеке турмушу менен, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү менен байланыштуу болуп, аны жарыя кылбоо боюнча  депутатка ишеним берилген болсо.

  1. Депутат жарандардын жеке турмушу же үй-бүлөгө байланышкан маалыматтарды, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү боюнча аны жарыялабоо боюнча талаптарды атайылап же байкабастан бузган болсо тараптардан кечирим суроосу керек.
  2. Депутаттардын чет өлкөлүк мамлекеттерге баруусундагы жүрүм-туруму Кыргыз Республикасынын жаранынын беделин жана депутаттык корпустун кадыр баркын көтөрүүгө багытталыш керек.
  3. Депутаттар чет өлкөлөрдөгү иш сапарларында барган мамлекеттердин өзгөчөлүктөрүн, салт-санаасын жана мыйзамдарын сыйлоосу керек, этиканы сактап, конфликтик кырдаалды болтурбоого милдеттүү.

 

V.  ДЕПУТАТТАРДЫН ЭЛ АЛДЫНДА ЧЫГЫП СҮЙЛӨӨ ЭТИКАСЫ

  

 

5.1. Депутаттар жергиликтүү кеңештин отурумунда, депутаттык угууларда, массалык маалымат каражаттарындагы чыгып сүйлөөлөрүндө, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана жарандардын ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасаганда текшерилген анык фактыларга гана таянышы керек.

5.2. Депутаттар эл алдында чыгып сүйлөгөндө же массалык маалымат каражаттары аркылуу билдирүүлөрдү жасаганда сылык сыпайы болуп, жарандардын, кызмат адамдарынын абийирин, ар-намысын каралоого жана юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин булгоого жол бербөө керек. 

5.3. Депутаттардын эл алдында чыгып сүйлөө учурунда жана билдирүүлөрүндө такталбаган фактылар айтылып калган болсо, ошондой эле жарандардын  абийирин, ар намысын каралоого, юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин түшүрүүгө атайын же байкабастан аракеттер жасалган болсо, депутаттын эл алдында кемчилдигин моюнуна алуу менен  алардан кечирим суроосу милдеттүү.

Ушул пункт менен белгиленген депутаттын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алдында ушул бөлүк боюнча тартип бузуу жоопкерчилигине тартуудан бошотпойт.

 

 

VI.       ДЕПУТАТТЫК ЭТИКА ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТОО БОЮНЧА КӨЗӨМӨЛ ЖАНА АЛАРДЫ БУЗГАНДЫГЫ ҮЧҮН ДЕПУТАТТЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ

 

6.1. Депутаттардын депутаттын этикасы боюнча Эрежелеринин сакталышын депутаттардын ишмердүүлүгү жана этикасы боюнча Комиссия (мындан ары - Комиссия) жүргүзөт. Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү  депутаттар тарабынан аныкталат жана депутаттык этиканын сакталышы боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө милдеттүү.

6.2. Депутаттык этиканын Эрежелерин бузуу боюнча маселени Комиссия өзүнүн демилгеси менен же жергиликтүү кеңештин демилгеси боюнча карай алат.

6.3. Депутаттардын этикасын бузуу далили боюнча маселени кароо үчүн Комиссияга аймактын, шаардын жашоочулары, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, ишкана, уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү арыз менен кайрыла алат.

6.4. Депутаттардын этиканы бузуу кыймыл аракети боюнча күнөөлөгөндө депутаттар Комиссияга кагаз жүзүндө документтерди көргөзүү менен негизделген протест көрсөтүүгө жана оозеки  түшүндүрмө бергенге укуктуу.

6.5. Депутаттардын ар намысына, кадыр баркына, ишмердүүлүк беделине шек келтирген негизсиз арыздануу боюнча депутаттар өздөрүнүн укугун мыйзамга каршы келбеген ыкмалар менен коргонууга укуктуу.

6.6. Депутаттардын мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же сот органдарына ар намысын, кадыр баркын, ишмердик беделин коргоо боюнча Комиссияга кайрылуусуна аткаруу органдарынын аппараты депутаттын ар намысын коргоо боюнча көмөк көрсөтөт жана керектүү учурда анын кызыкчылыгын сот органдарынын алдында коргоого көмөктөшөт..

6.7. Комиссия депутаттын этикасынын Эрежелерин бузуу боюнча маселени кароодо депутаттын этикасынын Эрежелерин бузулгандыгы же бузулбагандыгы бар же жок экендигин аныктаган чечим кабыл алат.

6.8. Депутаттардын этика Кодексин бузуу фактысы боюнча маселе депутаттык этиканын Эрежелери боюнча Комиссиянын рекомендациясы боюнча гана каралат. Депутаттар тарабынан жергиликтүү кеңештин отурумунда ушул эрежелерди бузуусуна карата жергиликтүү кеңештин Регламентинде белгиленген тартипте жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.

6.9. Жергиликтүү кеңеште депутаттын этика Кодексин бузган адамга төмөндөгүдөй чаралар көрүлүшү мүмкүн:

- депутаттын этика Кодексине туура келбеген жүрүм-турумун токтотууну сунуштайт жана кечирим суроону талап кылат.

- депутаттын этика Кодексин бузгандыгы фактысы боюнча массалык маалымат каражаттары аркылуу округдун шайлоочуларына маалымдайт.

6.9.1. Ушул пунктта белгиленген эрежелерди депутат одоно түрдө бузган болсо, Комиссия тарабынан этика Кодексин бузган депутатка чара көрүү маслеси жергиликтүү кеңештин сессиясына чыгарылат.

Жергиликтүү кеңеш депутаттын жоопкерчилиги боюнча маселени алдын ала Комиссиянын кароосу жок  эле чечет. Этика кодекси бузулгандыгын одоно түрдө экендигин жергиликтүү кеңеш аныктайт.

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Кара-Суу району
Баш-Булак айыл аймагынын
Айылдык Кеңеши мекемеси

7723303, Баш-Булак айылы, Н.Анарбаев. көч.№33 эл.дарек:katta-taldyk@mail.ru

Баш-Булак айыл аймагынын Садырбай айылындагы Маданий көчөсүнө «Каржоду уулу Жамалдин» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Кара-Суйский район
Учреждение Айыльный Кеңеш
Баш-Булакского айылного аймака

723303, с.Баш-Булак, ул.Н.Анарбаева У.№33 эл адрес:katta-taldyk@mail.ru



Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясынын

ТОКТОМУ

Баш – Булак айылы


№13/4


26-февраль 2026-жыл

Баш-Булак айыл аймагынын Садырбай айылындагы Маданий көчөсүнө «Каржоду уулу Жамалдин» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана ошол көчөнүн жашоочуларынын протоколунун негизинде, Садырбай айылынын тургуну Каржоду уулу Жамалдиндин баласы Каржодуев Күнболоттун арызын карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши

токтом кылат:

1. Баш-Булак   айыл аймагынын Садырбай айылындагы Маданий көчөсүнө « Каржоду уулу Жамалдин»   атындагы көчө деп ысым  берилсин.

2.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага:
А.Бакиров

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Кара-Суу району
Баш-Булак айыл аймагынын
Айылдык Кеңеши мекемеси

7723303, Баш-Булак айылы, Н.Анарбаев. көч.№33 эл.дарек:katta-taldyk@mail.ru

Баш-Булак айыл аймагындагы Кызыл-Ордо айылынын Ылдыйкы көчөсүнө «Мадалиев Тавалды» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө.

Кыргызская Республика
Ошская область
Кара-Суйский район
Учреждение Айыльный Кеңеш
Баш-Булакского айылного аймака

723303, с.Баш-Булак, ул.Н.Анарбаева У.№33 эл адрес:katta-taldyk@mail.ru



Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясынын

ТОКТОМУ

Баш – Булак айылы


№13/5


26-февраль 2026-жыл

Баш-Булак айыл аймагындагы Кызыл-Ордо айылынын Ылдыйкы көчөсүнө «Мадалиев Тавалды» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана ошол көчөнүн жашоочуларынын протоколунун негизинде, Кызыл-Ордо айылынын тургуну Мадалиев Тавалдынын баласы Тавалдиев Абдижапардын арызын карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши

токтом кылат:

1. Баш-Булак айыл аймагынын Кызыл-Ордо айылынын Ылдыйкы  көчөсүнө «Мадалиев Тавалды » атындагы көчө деп ысым  берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага:
А.Бакиров

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Кара-Суу району
Баш-Булак айыл аймагынын
Айылдык Кеңеши мекемеси

7723303, Баш-Булак айылы, Н.Анарбаев. көч.№33 эл.дарек:katta-taldyk@mail.ru

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу

Кыргызская Республика
Ошская область
Кара-Суйский район
Учреждение Айыльный Кеңеш
Баш-Булакского айылного аймака

723303, с.Баш-Булак, ул.Н.Анарбаева У.№33 эл адрес:katta-taldyk@mail.ru



Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясынын

ТОКТОМУ

Баш – Булак айылы


№13/6


26-февраль 2026-жыл

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин, башка жеке жана юридикалык жактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышууга шыктандыруу максатында Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши

токтом кылат:

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15(он беш) күндүн ичинде күчүнө кирет.

4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында (Баш-Булак айылдык кеңешинин расмий веб-сайтында) жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдү айыл өкмөт башчысы А.З.Балтабаев жүргүзсүн.

 

Төрага:
А.Бакиров

«КАРАЛДЫ»

Баш-Булак айыл аймагынын

айылдык кеңеши

Протокол №______

«___» _______ 2026-жыл

                      «БЕКИТЕМИН»

                              Баш-Булак айыл аймагынын

                            айылдык кеңешинин төрагасы

                            _______________ А.Дж.Бакиров

                         «___» ______________ 2026-жыл

 

                           Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан

жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана

каржылоонун тартиби жөнүндө

 ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштеп чыгылган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү демилгелерди тандоосунун жана каржылоосунун тартибин белгилейт.  

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди колдоого алуу жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн, алардын бирикмелеринин, башка жеке жана юридикалык жактардын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө жигердүү катышууларын кызыктыруу максатында жүзөгө ашырылат.

3. Ушул  жободо жергиликтүү демилгелер дегенде жергиликтүү маанидеги бир же бир нече маселени чечүүгө багытталган жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, алардын бирикмелери, башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан демилгеленген долбоор, идея жана башка демилгелер түшүнүлөт.

4. Жергиликтүү демилгелерди каржылоого каралган жергиликтүү бюджеттин каражаттары, эл аралык жана башка уюмдардын каражаттары, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар жергиликтүү демилгелерди каржылоонун булактары болуп саналат.

5. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануусу мүмкүн болгон жергиликтүү демилгелердин түрлөрү:

1) белгилүү каржылык ресурстарга жана (же) эмгектик жана каржылык эмес ресурстарга ээ жана кошумча каржылоону талап кылган жергиликтүү демилге (жергиликтүү демилгени кошо-каржылоо);

2) белгилүү натыйжаларга жетишилген, бирок аны улантуу же бүркөрүү үчүн каржылоонун талап кылган жергиликтүү демилге (жергиликтүү демилгени бекемдөө-бүткөрүү).

6. Жергиликтүү демилгени каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жүзөгө ашырылат. 

7. Жергиликтүү демилгени каржылоо жергиликтүү демилгенин мазмунуна жараша толук же жарым-жартылай болушу мүмкүн.

8. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү аркылуу жергиликтүү демилгелерди каржылоо «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. 

9. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү демилгелерди тандоо конкурстук негизде ушул  жобого ылайык жүзөгө ашырылат.

Тандоого бир календардык жылдын ичинде ишке ашырууга эсептелген жергиликтүү демилгелер катыша алышат. Өзгөчө учурларда жергиликтүү демилгелерди тандоо боюнча комиссиянын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жергиликтүү демилгени кезек-кезеги менен ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

10. Жергиликтүү демилгелерди каржылоого зарыл болуучу каражаттардын көлөмү жергиликтүү өз алдынба башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жергиликтүү бюджеттин долбоорунда каралат жана жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

11. Эл аралык жана башка уюмдардын каражаттары, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар, жергиликтүү демилгелерди каржылоонун алкактарында, төмөнкүдөй тартипте пайдаланылышы мүмкүн:

1) көрсөтүлгөн каражаттар жергиликтүү демилгелни каржылоо үчүн жергиликтүү бюджетке өткөрүлүп берилген учурда – ушул Жободо белгиленген тартипте;

2) жергиликтүү демилгенин каражаттарынын ээлеринин түздөн-түз, толук же жарым-жартылай каржылоосу – каражат ээси тарабынан белгиленген тартипте.

12. Жергиликтүү бюджетте жергиликтүү демилгени каржылоого каралган каражаттардын эсебинен чыгымдардын төмөнкү түрлөрүн каржылоого жол берилбейт: жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө, алардын бирикмелерине, жергиликтүү демилгени ишке ашырууга катышкан башка жеке жана юридикалык жактарга эмгек акыларды же башка сыйакыларды төлөп берүүгө, камсыздандыруу акыларын, салыктарды, жыйымдарды, насыялар жана зайымдар боюнча милдеттенмелерди жоюуга жана тейлөөгө, ошондой эле жергиликтүү демилгени ишке ашыруу менен байланышпаган башка чыгымдарды төлөөгө.

13. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун көзөмөлү, мониторинги жана баалоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат жана жергиликтүү демилгени ишке ашырууга тоскоолдук кылбоосу тийиш.

 

2. Жергиликтүү демилгени тандоо тууралуу кулактандыруу

14. Жергиликтүү демилгени тандоону өткөрүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу үчүн жергиликтүү демилгени тандоо боюнча конкурс жөнүндө (мындан ары – конкурс) маалыматтар (мөөнөтү, өткөрүү тартиби, жергиликтүү маанидеги маселелер, конкурска катышып жаткан жергиликтүү демилгелер, катышуучулар, жеңүүчүлөрдү аныктоо критерийлери жана конкурска тиешелүү башка маалыматтар) жеке жана юридикалык жактар үчүн жеткиликтүү болушу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына жарыяланышы, ал эми ал жок богон учурда – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын маалыматт текчесине (тактасына) жайгаштырылышы керек.

Арыз берүүчү – жергиликтүү жамааттын мүчөсү (-лөрү), алардын бирикмелери, жергиликтүү демилгени каржылоону алууга конкурстук билдирме берген (-ишкен) башка жеке жана юридикалык жактар (мындан ары – конкурстун катышуучусу).

15. Конкурс жөнүндө кулактандыруу төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:

1) ушул Типтүү жобонун 26-п. саналган конкурска катышуу үчүн документтердин тизмегин;

2) жергиликтүү маанидеги маселелер, катышуучулар ошол боюнча конкурска катышып жаткан жергиликтүү демилгелер;

3) конкурсту өткөрүүнүн убактысы, орду жана тартиби, анын ичинде тандоонун критерийлери жана конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоонун мөөнөттөрү;

4) бир жергиликтүү демилгени ишке ашырууну каржылоонун максималдуу суммасы (эгерде ушундай сумма белгиленсе);

5) конкурска катышуу үчүн формаларды алууга мүмкүн болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын почта дареги жана (же) көрсөтүлгөн формаларды электрондук түрдө көчүрмөлөп алуу мүмкүн болгон анын расмий сайтынын дареги;

6) маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн кайрылууга мүмкүн болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жооптуу адамынын байланыш маалыматтары (фамилиясы, аты, атасынын аты, телефон номери жана элетрондук почтасынын дареги);

7) суроо-талаптарды жөнөтүү жана конкурстун шарттары жаатында түшүндүрүүлөрдү алуу үчүн мөөнөт;

8) конкурска катышуу үчүн документтерди жөнөтүү керек болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын почта дареги, электродук почтасы жана\же расмий сайтынын дареги;

9) конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү.

16. Конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун болжолдуу формасы ушул  жобого карата 1-тиркемеде келтирилген. 

 

3. Комиссияны түзүүнүн тартиби жана иши

17. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн жергиликтүү демилгени тандоо боюнча комиссия түзөт (мындан ары – комиссия.

Комиссия 5тен кем эмес кишиден турат:

- вице-мэр (айыл өкмөт башчысынын орун басары), көрсөтөлгөн кызмат орундары жок болгон учурда – аппарат жетекчиси, жооптуу катчы – комиссиянын төрагасы;

- жергиликтүү кеңештин депутаттары (макулдашуу боюнча);

- мэриянын (айыл өкмөтүнүн) муниципалдык кызматчысы – комиссиянын катчысы;

- жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).

Комиссиянын өздүк курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчисинин чечими менен бекитилет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  аткаруучу органынын расмий сайтына, ал эми ал жок босо – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын маалымат текчесине (тактасына) жайгаштырылат.

18. Комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү анын курамы бекитилген күндөн тартып 2 жылды түзөт.

19. Комиссиянын отуруму комиссиянын төрагасы тарабынан өзүнүн демилгеси боюнча же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчисинин демилгеси боюнча чакырылат. Отурумду комиссиянын төрагасы, ал эми ал жок болгондо – отурумда катышып олтурган комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен төрагалык кылуучулукка шайланган комиссия мүчөсү алып барат.

Комиссиянын катчысы комиссиянын ишин уюштурат, комиссия мүчөлөрүн пландалган отурумдар жөнүндө кабарландырат, комиссиянын отурумдарынын протоколдорун жүргүзүлүшү жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат жана комиссия мүчөлөрүнүн комиссиянын ишине катышууларына көмөктөшөт.

20. Комиссиянын отуруму, эгерде ага комиссия мүчөлөрүнүн 3\2 катышып олтурса, укук ченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын жок мүчөлөрүнүн башка адамдар менен алмаштырылышына жол берилбейт. 

21. Комиссиянын кароосуна конкурстун катышуучуларын каттоого алуу журналында катталган баардык конкурстук билдирмелер киргизилет. 

Комиссиянын чечимдери добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Комиссиянын ар бир мүчөсү бирден добушка ээ болот. Комиссиянын чечими, эгерде ал үчүн отурумда катышып олтурган комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү добуш беришсе, кабыл алынган болуп эсептелет. «Макул» жана «каршы» добуштар тең болуп калганда, комиссиянын отурумунда төрагалык кылуучунун дошубу чечүүчү болуп эсептелет.

22. Комиссиянын чечими протокол менен жол-жоболонот. Комиссиянын отурумунун протоколунда күн тартибинин маселелери, добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер чагылдырылат. Комиссиянын отурумунун протоколуна отурумда катышып олтурган комиссиянын баардык мүчөлөрү кол коюшат.

23. Комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда, комиссия мүчөсүнүн өзгөчө пикирин билдирүүгө укугу бар, ал комиссиянын отурумунун протоколуна киргизилет.

24. Комиссиянын чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына жарыяланат, ал эми ал жок болгон учурда – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын маалымат тактасына (текчесине) жайгаштырылат.

25. Комиссия мүчөлөрү комиссиянын иштерине акысыз негизде катышышат.

 

4. Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон конкурстук документтер

жана аларды берүүнүн тартиби

26. Конкурска катышуу үчүн анын катышуучулары конкурстук билдирме берүүлөрү керек:

1) Ушул Типтүү Жобого карата 2-тиркемеге ылайык форма боюнча арыз;

2) паспорттун көчүрмөсү (жеке адамдар үчүн) юридикалык жак катары каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уставдын көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);

3) сунуш (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы) жана бюджет.

27. Конкурстук билдирмелер комиссияга конкурстун катышуучусунун тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде, төмөнкү ыкмалардын бири менен берилиши мүмкүн:

1) кагаз жүзүндө, чапталган конвертте – жеке өзү, же болбосо почта менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына;

2) PDF форматында көчүрмөлөнгөн түрдө – электрондук почта менен жиберилет же болбосо, эгерде конкурстун шарттарында берүүнүн ушундай мүмкүнчүлүгү каралса, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайты аркылуу жиберилет.

28. Конкурска берилүүчү сунуш (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы) ушул Типтүү жобого карата 3-Тиркемеге ылайык формада түзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтышы керек:

1) аталышы, максаттары жана кыскача сунуштар (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы, сунуштардын натыйжалуу жана\же жаңычыл идеялары, ошондой эле жергиликтүү демилгени ишке ашыруу ыкмалары);

2) аларды аткаруунун мөөнөттөрүн кошуп алганда, жергиликтүү демилге боюнча иш-чаралардын планы;

3) жергиликтүү демилгени ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар.

29. Сунушка (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасына) кат-милдеттенме, жүргүзүлгөн чыгымдарды, конкурстун катышуучусунун ресурстары (жергиликтүү демилгенин мазмунуна жараша) бар экенин бышыктоочу каржылык жана башка документтер, ал эми зарыл болгондо – жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө түзүлгөн өнүмдөрдү, натыйжаларды жана объекттерди эксплуатациялоонун жана мындан ары башкаруунун планы тиркелет.

30. Жергиликтүү демилгенин бюджети ушул Типтүү жобого карата 4-Тиркемеге ылайык формада түзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) чыгымдардын сметасын жана чыгымдардын ар бир статьясы боюнча каржылык эсептерди;

2) суралган каржылоонун өлчөмүн;

3) өздүк салымдын жана тартылган каражаттардын өлчөмүн (жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун алкактарында пайдаланыла турган каржылык каражаттар, транспорт, орун жай жана башка мүлктөр, жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун алкактарында аткарылуучу жумуштар ж. б.).

31. Конкурстук билдирмелер үчүн формалар (арыз, сунуш (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы), жергиликтүү демилгенин бюджети жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына жайгаштырылат, ал эми ал жок болгон учурда – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын маалымат тактасына (текчесине) жайгаштырылат жана кызыкдар жактардын суроо-талаптары боюнча берилет.

32. Конкурстук билдирмелер конкурстун катышуучуларына тизмек боюнча берилет, конкурстун катышуучуларынын колдору коюлат жана мөөрлөр менен күбөлөндүрүлөт (юридикалык жактар үчүн).

33. Конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн конкурстук билдирмелерди кабыл алуунун мөөнөтү аяктаганга чейин, почта менен жиберилген конкурстук билдирмелер, мөөнөтүндө берилген болуп эсептелет.

34. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген конкурстук билдирмелерди конкурстун катышуучуларын каттоого алуу журналына каттайт. Конкурстун катышуучуларын каттоого алуу журналы кагаз жүзүндө жүргүзүлөт жана төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

1) конкурстук билдирмелер берилген дата жана убакыт;

2) конкурстук билдирмелердин катталган номерин;

3) конкурстун катышуучусунун фамилиясын, атын, атасынын атын (жеке адамдар үчүн) жана конкурстун катышуучусунун аталышын (эридикалык жактар үчүн);

4) конкурстун катышуучусунун почта дарегин, электрондук почта дарегин жана телефон номерин;

5) жергиликтүү демилгенин аталышын;

6) конкурстук билдирмеге кошулган документтердин тизмегин.

 

5. Конкурсту болбой калды деп таануу жана кайрадан конкурс өткөрүү

35. Конкурс төмөнкү учурларда болбой калды деп таанылат:

1) конкурстук билдирмелер болюогондо же болбосо конкурска катышууга бир конкурстук билдирме келип түшкөндө;

2) баардык конкурстук билдирмелер конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү бузуу менен берилгенде.

36. Конкурс болбой калды деп таанылган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы, конкурс болбой калды деп таанылган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен, кайрадан конкурс жарыялоого милдеттүү. Кайрадан өткөрүлгөн конкурс болбой калды деп таанылган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жаңы конкурс жарыялоого же болбосо жергиликтүү демилгени каржылоого арналган каражаттарды, жергиликтүү бюджетте каралган башка максаттарга пайдаланууга укуктуу.

 

6. Долбоордук сунуштарды баалоо

37. Конкурстук билдирмелерди баалоонун критерийлери, ушул  жобого карата 5-Тиркемеге ылайык форма боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан түзүлгөн баалоо баракчасында камтылган.

38. Конкурстук билдирмелер комиссия мүчөлөрүнө кагаз түрүндө же болбосо электрондук формада берилет.

39. Конкурстук билдирмелерди баалоо эки этапта жүргүзүлөт.

Баалоонун биринчи этабында, комиссия ар бир конкурстук билдирмени төмөнкү критерийлер боюнча баалайт:

1) жергиликтүү демилге жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги бир же бир нече маселесин чечүүгө багытталган;

2) жергиликтүү демилге жүзөгө ашырыларлык;

3) арыз конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөттө берилген;

4) жергиликтүү демилгени каржылоого суралган акчанын суммасы, конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн акча каражаттарынын максималдуу суммасынан ашпайт (эгерде ушундай сумма белгиленсе).

Мында бул этапта конкурстук билдирмелерди баалоо комиссиянын ар бир мүчөсү тарабынан эмес, а бүтүндөй комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

Эгерде комиссия конкурстук билдирмеге критерийлерди бири эле боюнча терс баа койгон учурда, комиссия бул конкурстук билдирмени четке кагуу тууралуу чечим кабыл алат.

Баардык критерийлер боюнча биринчи этапта оң баа алган конкурстук билдирмелерди баары конкурстун кийинки этабына коё берилет.

40. Конкурстун экинчи этабында комиссиянын мүчөлөрү тарабынан конкурстук билдирмелерди баалоо төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:

1) комиссия мүчөсү ар бир конкустук билдирмени окуп-үйрөнөт;

2) конкурстук билдирмелерди окуп-үйрөнүүнүн натыйжалары боюнча комиссия тарабынан ар бир конкурстук билдирмени талкуулоо өткөрүлөт, андан кийин комиссиянын мүчөлөрү, баалоо баракчасына баалоонун ар бир критерийи боюнча баллдарды коюшат;

3) комиссия мүчөсү тарабынан баардык критерийлер боюнча баалоо баракчасына коюлган баллдар кошулат жана алынган сумма комиссия мүчөсүнүн конкурстук билдирмеге берген баасы деп эсептелет (баалоо баракчасына комиссия мүчөсүнүн колу коюлат жана комиссияда сакталат);

4) ар бир конкурстук билдирме боюнча комиссия мүчөлөрүнүн баалары кошулат жана баалоо баракчаларынын санына барабар санга бөлүнөт, ошондон алынган орточо маани конкурстук билдирме боюнча жыйынтык балл болуп эсептелет;

5) конкурстук билдирмелер боюнча жыйынтык баллдар кемүү тартибинде жалпы рейтингдик тизмеге киргизилет;

6) эгерде бир нече конкурстук билдирмелер тең сандагы баллдарды алышса, анда алар рейтингдик тизмеге конкурска катышуу үчүн баардык документтердин пакетин берген убактысына жараша (хронологиялык ыраатттуулукта) киргизилет; баардык документтер бир убакта берилген учурда, ушул конкурстук билдирмелердин рейтингдик тизмесиндеги орунду аныктоо үчүн, комиссия тарабынан аныкталган тартипте чүчү кулак өткөрүлөт;

7) комиссиянын чечими менен, рейтингдик тизмеде конкурстук билдирмелери эң жогорку балл алган конкурстун катышуучулары жеңүүчүлөр деп табылат.

41. Конкурстук билдирмелерди баалоо конкурстук билдирмелерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып, 15 календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.

 

7. Конкурстун жыйынтыктарын чыгаруу жана коомчулукту анын натыйжалары жөнүндө кабарландыруу

42. Жеңүүчү катары таанылган жергиликтүү демилгелердин саны, жергиликтүү бюджетте жергиликтүү демилгелерди каржылоого каралган каражаттардын көлөмүнө жараша комиссия тарабынан аныкталат.

43. Конкурстун натыйжалары жөнүндө комиссиянын чечими, комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирилбестен, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси тарабынан бекитилет. Конкурстун жеңүүчүсү деп таануу жөнүндө комиссиянын чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.

44. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын тескемеси жана конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси, тескеме чыккан күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирилбестен, конкурстун жеңүүчүлөрүнүн атын жана аталышын, алар алган баллдарды көрсөтүү менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына, ал эми ал жок болгон учурда – маалымат текчесине (тактасына) жарыяланат.

 

8. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу

45. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы конкурстун жеңүүчүсү менен (мындан ары – жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси конкурстун натыйжаларын бекиткен күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө Макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) түзөт.

46. Конкурстук билдирменин негизинде Макулдашууга карата жергиликтүү демилгени ишке ашырууга техникалык тапшырма түзүлөт. Техникалык тапшырмага жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунун макулдугусуз, конкурстук билдирмеде каралбаган кошумча иш-чаралар киргизилиши мүмкүн эмес.

47 Макулдашуу ушул  жобого карата 6-Тиркемеде формасы берилген жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө Типтии макулдашуунун негизинде түзүлөт.

48. Жергиликтүү демилгени ишке ашырууну каржылоо этап-этап менен жүзөгө ашырылат. Эгерде макулдашууда жергиликтүү демилгени этаптар боюнча каржылоо каралса, анда жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун ар бир этабы аяктагандан кийин, жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына отчет берилет, ал жактырылгандан кийин жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун кийинки этабын каржылоо жүзөгө ашыралат.

 

9. Долбоорду көзөмөлдөө, мониторинг жана баалоо

49. Жергиликтүү демилгенин ишке ашырылышын көзөмөлдөө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына жүктөлөт.

50. Жергиликтүү демилге ишке ашырылгандан кийин жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына төмөнкүлөдү берет:

- өздүк салымынын жана тартылган каражаттардын көлөмү жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен, жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун натыйжалары жөнүндө отчет (жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун алкактарында пайдаланылган каржылык каражат, транспорт, орун жай жана башка мүлк жана аткарылган жумуштар ж. б.);

- отчетко тиркелет: жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунун  өздүк кошо-каржылоо каражаттарын жана башка тартылган каражаттардын киргизилгенин бышыктоочу документтер, Макулдашууда белгиленген талаптарга ылайык башка документтер.

Отчеттор ушул  жобого карата 7-Тиркемеде каралган форма боюнча берилет.

51. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө түзүлгөн объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берген учурда, бул объекттерди кабыл алуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

52. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы төмөнкү предметке жергиликтүү демилгенин ишке ашырылышынын мониторингин жүзөгө ашырат:

- жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунун Макулдашуунун шарттарын аткаруусунун;

- сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдө жетишилген аралыктык жетишкендиктерди жана жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун аяккы натыйжаларын.

Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун учурдагы натыйжаларынын мониторинги жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон көйгөйлөрдү жана маселелерди чечүүнү талкуулоо жана жергиликтүү демилгенин Аткаруучусуна көмөк көрсөтүүнү уюштуруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

53. Жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу Макулдашуунун шарттарын аткарбаган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы Макулдашууну бир тараптуу тартипте бузууга жана каржылоону токтото турууга укугу бар.

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Кара-Суу району
Баш-Булак айыл аймагынын
Айылдык Кеңеши мекемеси

7723303, Баш-Булак айылы, Н.Анарбаев. көч.№33 эл.дарек:katta-taldyk@mail.ru

Баш-Булак айыл аймагынын Садырбай айылындагы Ортоңку көчөсүнө «Ражапов Зунду» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Кара-Суйский район
Учреждение Айыльный Кеңеш
Баш-Булакского айылного аймака

723303, с.Баш-Булак, ул.Н.Анарбаева У.№33 эл адрес:katta-taldyk@mail.ru



Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясынын

ТОКТОМУ

Баш – Булак айылы


№13/7


26-февраль 2026-жыл

Баш-Булак айыл аймагынын Садырбай айылындагы Ортоңку көчөсүнө «Ражапов Зунду» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана ошол көчөнүн жашоочуларынын протоколунун негизинде, Садырбай айылынын тургуну Ражапов Зундунун баласы Ражапов Кыяздын арызын карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши

токтом кылат:

1. Баш-Булак   айыл аймагынын Садырбай айылындагы Ортоңку көчөсүнө «Ражапов Зунду»   атындагы көчө деп ысым  берилсин.

2.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага:
А.Бакиров

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Кара-Суу району
Баш-Булак айыл аймагынын
Айылдык Кеңеши мекемеси

7723303, Баш-Булак айылы, Н.Анарбаев. көч.№33 эл.дарек:katta-taldyk@mail.ru

Баш-Булак айыл аймагынын Садырбай айылындагы Четки көчөсүнө «Рысбаев Апсатар» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Кара-Суйский район
Учреждение Айыльный Кеңеш
Баш-Булакского айылного аймака

723303, с.Баш-Булак, ул.Н.Анарбаева У.№33 эл адрес:katta-taldyk@mail.ru



Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясынын

ТОКТОМУ

Баш – Булак айылы


№13/8


26-февраль 2026-жыл

Баш-Булак айыл аймагынын Садырбай айылындагы Четки көчөсүнө «Рысбаев Апсатар» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана ошол көчөнүн жашоочуларынын протоколунун негизинде, Садырбай айылынын тургуну Рыспаев Апсатардын баласы Рысбаев Исламбектин арызын карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши

токтом кылат:

1. Баш-Булак   айыл аймагынын Садырбай айылындагы Четки көчөсүнө «Рысбаев Апсатар»   атындагы көчө деп ысым  берилсин.

2.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага:
А.Бакиров